Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда узагыраак жашайт

1 декабря 2023, 09:50

Кыргызстанда аялдардын өмүрүнүн узактыгы эркектерге караганда 8 жылга көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Ошентип, орточо жашоо узактыгында 8 жылдык гендердик ажырым дагы эле бар.

“Аялдар үчүн пенсия курагына чейин өмүр сүрүү ыктымалдыгы болжол менен 90%, эркектер үчүн 70% ашык”, - деп айтылат маалыматта.