Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо 9-ноябрда башталат

25 октября 2023, 11:35

Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо 9-ноябрда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

2024-жылы меккеге барууну каалагандар ID-карта менен электрондук каттодон өтүп, баштапкы төлөм катары банк аркылуу 2 миң доллар төлөшү керек. Ал эми сапардын жалпы баасы Сауд Аравия менен сүйлөшүүлөрдөн кийин белгилүү болот.

Кыргызстанга быйыл да 6 миңдин тегерегинде квота бөлүнүшү мүмкүн. Расмий маалымат январь айында айтылат.