Кыргызстанда ажылыкка каттоо токтотулду

14 ноября 2023, 10:45

Кыргызстанда ажылыкка каттоо токтотулду. Муфтияттан билдиришкендей, келерки жылдагы зыярат үчүн квота толду.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Меккеге барууну каалагандар 2 миң доллар өлчөмүндөгү баштапкы төлөм жана кайтарымсыз 1000 сом төлөштү.

Эске салсак, 2024-жылы ажылыкка баруучулар үчүн Сауд Аравия Кыргызстанга 6 миң 60 орун бөлгөн.