Кыргызстанда бала бакчаларда ваучердик каржылоо киргизилет

11 марта 2024, 12:35

Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта бала бакчаларда ваучердик каржылоо киргизилет. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдиргендей, пилоттук режимдин алкагында өкмөт мектепке чейинки билим берүүнү мамлекеттик эле эмес, жеке менчик бала бакчаларда да каржылайт.

Ваучердик каржылоо системасына ылайык ар бир окуучуга кеткен минималдык же базалык чыгымдар эсептелип, ошонун негизинде окуучуларга ваучер же кызмат сатып алуу сертификаты берилет.

Бул каражаттардын алкагында бала билим берүү кызматтарынын мамлекет кепилдеген көлөмүн алууга укуктуу болот.