Кыргызстанда бензин 4 сомго, дизелдик отун 6 сомго кымбатташы күтүлүүдө

20 января 2022, 13:02

Кыргызстанда бензин бир айдын ичинде 4 сомго, дизелдик отун 6 сомго кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Учурда нефтетрейдерлер өлкөнүн күйүүчү май таңкыстыгына жол бербөө үчүн негизги тапшырмасын аткарып жатат.

“Кыргызстан мунай продуктуларынын 95 пайызын башка өлкөлөрдөн, тактап айтканда, Россиядан импорттоп, импортко көз каранды. Учурда 20га жакын нефтетрейдерлер өлкөгө күйүүчү майды Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан алып келишет”,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майга болгон дүйнөлүк баалар күн сайын өзгөрүп жатканын белгилейт.