Кыргызстанда беш аэропорттун учуу-конуу тилкелери асфальтталды

6 декабря 2023, 15:10

Кыргызстанда "Нарын", "Казарман", "Талас", "Жалал-Абад" менен "Кербен" аэропортторунун учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо, асфальттоо иштери аяктады. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди.

Ошондой эле 2000-жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн Төө-Ашуудагы туннелдин жолуна асфальт төшөлүп, жарыктандырылды.

"Мындан тышкары, узундугу 3 миң 890 метрди түзгөн Кыргызстандагы эң чоң "Көк-Арт" туннелинин түндүк жана түштүк жагынан казылышы аяктап, Бишкек-Ош унаа жолунда көчкүдөн коргоо галерея пайдаланууга берилди", - деди чиновник.