Кыргызстанда бир катар айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталды

16 ноября 2023, 11:00

Мамлекеттик кадр кызматы бир катар конуштардын атын өзгөртүүнү сунуштоодо.

Алар Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан. Тизмеде сегиз айыл, эки айыл аймагы бар.

Демилге улуттук идеологияны бекемдеп, белгилүү ысымдарды кайтарууга багытталган. Документ талкууга коюлду.