Кыргызстанда төлөм уюмдарынын бирине 1 млн сом айып салынды

18 декабря 2023, 15:55

Кыргызстанда бир төлөм уюмуна жалпы суммасы 1 млн 152 миң сомду түзгөн 18 айып салынды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, айып пул максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жана бүтүмдү токтото туруу боюнча талаптарды бузуу, контролдонууга жана отчет берүүгө тийиш болгон операциялар боюнча отчетторду берүүнүн талаптарын, тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу салынган.

Ошондой эле, көрсөтүлгөн талаптар террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өлкө мыйзамдарында белгиленгени такталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 355-беренесине ылайык, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан жаза чаралары колдонулган.