Кыргызстанда быйыл 70тен ашуун мектептин курулушу күтүлүүдө

9 февраля 2022, 16:00

Өлкөдө 2022-жылы 75 мектептин курулушу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, анын 15и жаңыдан салынат. Курулушка жалпысынан 2 миллиадр 448 миллион сомго жакын каражат жумшалат.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда авариялык абалдагы 100дөн ашык мектеп бар.