Кыргызстанда былтыр 564 миң 178 миң даана жумуртка өндүрүлгөн

19 января 2022, 12:32

2021-жылдын январь-декабрь айларында республика боюнча 564 миң 178 миң даана жумуртка өндүрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтында белгиленген.

Жогоруда аталган көрсөткүч же өткөн жыл менен салыштырмалуу жумуртка өндүрүү 2125 миң даанага көбөйүп, 100,4 пайызды түзгөн.

Өткөн жылы жумуртка өндүрүү мурдагы жыл менен салыштырмалуу Ысык-Көл облусунда 87,8 пайызга төмөндөгөн.