Кыргызстанда дээрлик ар бир төртүнчү үй-бүлө ажырашууда

5 декабря 2023, 17:42

Кыргызстанда дээрлик ар бир төртүнчү үй-бүлө ажырашууда. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Документке ылайык, 2022-жылы жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында 48,2 миң нике жана 12,2 миң ажырашуу катталган. Ал эми айыл жеринде никеге туруунун жыштыгы шаардык конуштарга караганда 2,5 эсе көп.

Никелердин эң көп саны 20-29 жаштагы аялдар арасында да, эркектер арасында да кездешет.

“Баш кошкон жубайлардын баары бекем эмес. Дээрлик ар бир төртүнчү нике бузулат: айыл жеринде 1000 никеге 211 ажырашуу туура келет, ал эми шаарда бул көрсөткүч 1,7 эсе көп”, - деп айтылат маалыматта.