Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттады

28 февраля 2022, 10:05

Коммерциялык банктарда доллар 94 сомдон сатып алынып, 95 сомдон сатылууда. Ошондой эле Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда долларды сатып алуу 93,92 сом болсо, сатуу 95,10 сом болууда.

Ал эми Улуттук банктын расмий курсу - 89.1007 сом болууда.

Белгилей кетсек, 24-февралда Бишкекте АКШ долларынын сомго карата курсу кескин түрдө көтөрүлгөн. Тактап айтканда, анда бир нече коммерциялык банктар АКШ долларын 93,50–94 сомдон сатып алып, 95 сомдон саткан. Бирок Кыргызстандын Улуттук банкы 13 млн 50 миң доллар сатып, интервенция жасаган. Ошондон кийин доллардын курсу бир азга турукташкан.

Доллардын курсу 24-февралдан тарта Россия тарабынан Укринанын аймагында жүргүзүлүп жаткан атайын операцияга байланыштуу өсүүдө.