Кыргызстанда доллар дагы эле арзандап жатат

30 марта 2022, 12:55

Кыргызстанда АКШ долларынын курсу төмөндөөдө. Тактап айтканда, бүгүн, 30-мартта өлкө аймагындагы коммерциялык банктарында 1 долларды 82,50 - 83 сомдон сатып алып, кайра 84,30 - 85 сомдон сатууда.

Евро 92 - 93 сомго сатып алынып, 94 - 95 сомго сатылууда. Рублдин куну 0,85 0,90 тыйындан сатып алынып, 1,03 – 1,05 сомду түзөт.

Ал эми Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллар 82,96 сатып алынып, 84,93 сомго сатылууда. Евро 92,91 – 94,93 сом, рубль 0,89 – 1,03 сомду түзүүдө.

Улуттук банктын расмий курс боюнча 1 доллар 87,9492 сом, евро 96,6034сом, ошондой эле рубль 0,9145 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, кечээ, 29-мартта комбанктарда жана акча алмаштыруу жайларында долларды сатып алуу 84-86 сомдон, сатуу 86-88 сомдон болуп жаткан.