Кыргызстанда эң жогорку пенсия 50 миң сомдон ашат

2 февраля 2024, 17:41

Кыргызстанда 400 миңден ашык адам 50 миң сомдон ашык пенсия алат. Алар мамлекеттик кызматта иштегендер эмес. Бул тууралуу “Акчабарга” Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, жогорку пенсия алгандар тоо-кен, зыяндуу оор жумуштарда, банк тармагында, ЖОЖдордо агартуу-окутуучу болуп иштеген жарандар.

“Алар пенсиянын камсыздандыруу төгүмдөрүн көп төлөшкөндөн пенсияга чыкканда көбүрөөк акча алышат. Ал эми, аз пенсия алгандар камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек стажы аз болгондор”, - деди ал.