Кыргызстанда эки жылда ирригацияны жакшыртууга 6,6 млрд сом бөлүндү

29 февраля 2024, 13:26

Кыргызстанда 2022- 2024-жылдарда ирригациялык фондду жакшыртуу иштерине 6 млрд 614,6 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 5 млрд 848,5 млн сом - оңдоо-калыбына келтирүү иштерине жана жаңы ирригациялык курулмаларды курууга, 766,1 млн сом — жаңы атайын техникаларды сатып алууга жумшалган.

Бул каражаттын эсебинен каналдарды бетондоо жана механикалаштырылган тазалоо менен 2331,7 километр сугат трассалары, 2746 даана гидротехникалык курулуштар жана 315 даана насостук станциялар ремонттолду.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Бакай участкасынын тургундарын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн жаңы насостук станция ишке берилди. Ошондой эле Кадамжай районундагы Р-1 сифонунун курулуш иштери жана Чоң-Алай районундагы Шибе-Жекенди каналынын курулушунун биринчи этабы бүткөрүлдү.