Кыргызстанда экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору түзүлдү

14 сентября 2023, 10:20

Кыргызстанда экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик мекеме “Кыргыз Экспорт” деп аталат.

Ал экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча функцияларды аткаруунун сапатын жана натыйжалуулугун, экспорттук потенциалдын өсүшүн жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында түптөлдү.