Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирди

2 мая 2023, 10:40

Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирди. Эми калк үчүн жарыктын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт.

Электр энергиясын 700 киловатт-сааттан жогору көлөмдө пайдаланган учурда тариф 2 сом 16 тыйын болуп мурдагы деңгээлде сакталат. Муктаж үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн дагы мурдагы деңгээлде сакталып, 1 киловатт-саат үчүн 50 тыйынды түзөт.

Ал эми электр энергиясын чектөөсүз пайдаланууну каалагандар үчүн тариф 5 сом 4 тыйындын ордуна 3,28 сомго чейин төмөндөтүлдү.