Кыргызстанда Халал эт паркын куруу боюнча ТЭО иштелип чыкты

10 ноября 2023, 10:33

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргызстанда Халал эт паркын куруу боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси тааныштырылууда.

Маалыматка ылайык, Халал эт паркы эттин сапатын жогорулатуу, эт коопсуздугун жана экспорттук потенциалды өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

“Кыргызстан Халал эт парк индустриясын өнүктүрүүгө кызыктар экенин белгиледи. Бул бир гана экспорттук потенциалды көтөрбөстөн, Кыргызстанда мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө да көмөктөшөт”, - деп белгилешти министрликтен.

Халал эт паркын куруунун максаты:

  • Эт индустриясын өнүктүрүүгө инвестия тартуу;
  • Калкты жумуш менен камсыз кылуу;
  • Араб жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортка чыгуу.