Кыргызстанда хирургиялык кол каптар өндүрүлөт

5 апреля 2022, 12:50

Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү биргелешкен кыргыз-өзбек медициналык өндүрүш боюнча макулдашууга кол койду. Бул тууралуу аталган палатадан билдиришти.

Бишкекте Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги алдындагы фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү боюнча агенттик менен кызматташуу боюнча макулдашуу бекитилди.

Анын алкагында “АЮ ФАРМ” ЖЧКсы (Кыргызстан) жана “Дентафилл Плюс” ЖЧКсы (Өзбекстан) хирургиялык кол каптарды Кыргызстандын аймагында өндүрүү боюнча келишимге кол коюшту.

Мындай макулдашуу Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен ишке ашты.

Документ, ошондой эле, фармацевтика тармагында инвестициялык кызматташууну камтыйт жана андан ары дары-дармектерди өндүрүүнү көздөйт.