Кыргызстанда калкты тейлөө боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

1 декабря 2023, 17:00

Бүгүнтөн тарта өлкө аймагындагы 7 калкты тейлөө борборунда “фронт-кеңсе” жана “бэк-кеңсе” тартибинде иштөө боюнча пилоттук долбоор жанданат.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында борборлордун операторлору ЗАГС, жашаган жери боюнча каттоого туруу, чет элдиктерди каттоо, турак-жайды каттоо, маалымкаттарды берүү, Кыргызстан жарандыгына кабыл алуу/чыгаруу боюнча документтерди кабыл алуу функцияларына ээ болот.