Кыргызстанда кездеме өндүрүшү кыскарды

26 октября 2023, 13:50

Кыргызстанда кездеме өндүрүшү кыскарды. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, ушул жылдын январь айынан сентябрга чейин 22 миллион чарчы метрден аз продукция өндүрүлгөн.

2022-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч дээрлик 26 млн болчу.

Кездемелер менен катар бут кийим жана булгаары өндүрүү да азайды. Бирок бул жалпы текстиль өндүрүшүнө таасирин тийгизген жок, себеби сырткы кийимдерди чыгаруу көбөйгөн. Эгер өткөн жылдын тогуз айында 10 миллион даанадан ашык тыш кийим чыгарылса, бул жылы көрсөткүч 15 миллион даанадан ашты.