Кыргызстанда көмүрдүн максималдуу баасы бекиди

1 ноября 2023, 11:45

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдүн максималдуу баасын бекитти.

Ведомствонун сайтында маалымдалгандай, жергиликтүү отунду Бишкекте “Кыргызкөмүр” ишканасы менен келишим түзгөн базалардан 4 миң 700 сомдон, жеке ишкерлерден тоннасын 5 миң 500 сомдон жана тандалган көмүрдү 6 миң сомдон сатып алса болот.

Ошол эле учурда, көптөгөн жеке менчик ээлеринде Беш-Сары, Кара-Кече жана Каражыра көмүрүнүн баасы тоннасына 5,8 миң сомдон 6 миң сомго чейин өзгөрүп турат.