Кыргызстанда көмүскө экономика ИДПнын 21%ын түзөт

9 февраля 2024, 16:20

Кыргызстанда көмүскө экономика ИДПнын 21% түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Белгиленгендей, бейрасмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө декларацияланбаган мүлктүн 40%га жакыны көмүскө сектордо.

Эскерте кетсек, өлкөнүн экономикасындагы көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу жана инвестицияны көбөйтүү максатында 2023-жылдын 6-июнунда президент Садыр Жапаров “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон.