Кыргызстанда кышында «жөнгө салуу иш-чаралары» киргизилиши мүмкүн

29 сентября 2023, 09:00

Кыргызстанда кышында “жөнгө салуу иш-чаралары” киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, тармакка ашыра жүк келген учурда бир-эки саатка электр энергиясы өчүрүлүшү күтүлөт. Бул трансформаторлорду ысып кетүүдөн коргоо үчүн зарыл.

Чиновник белгилегендей, соңку учурларда жабдууларга күч келүү өсүүдө, андыктан, жарандарга электр энергиясын үнөмдүү колдонуу сунушталат.