Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалар көбөйөт

11 апреля 2024, 16:50

Дүйнөлүк банк менен биргеликте 2025-жылдын май айына чейин Кыргызстан боюнча 560 кыска мөөнөттүү балдар бакчасы ачылып, мында 40 миң баланы мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, учурда республика боюнча 1 миң 834 мектепке чейинки билим берүү уюму бар.

Мындан сырткары, Кендирбаева ЮНИСЕФ биргеликте жалпы жонунан 248 балдарды өнүктүрүү борбор түзүлүп, 7 миңден ашуун бала тартылгандыгын белгиледи.