Кыргызстанда мал уурдоо боюнча жаза күчөтүлдү

29 января 2024, 09:25

Кыргызстанда мал уурдоо боюнча жаза күчөтүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент кол койду.

Документке ылайык, олуттуу эмес өлчөмдө бирөөнүн малын уурдагандар 100 сааттан 180 саатка чейин коомдук иштерге же 2 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат, айып салынат же 6 айдан 2 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Ал эми олуттуу өлчөмдө мал уурдоо үчүн 2 айдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу же 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.

Мал уурдоо ири өлчөмдө, адамдардын тобу тарабынан жасалган учурда мүлктү конфискациялоо менен 5-8 жылга, кылмыштуу коомдошуу менен жасалса 8-12 жылга эркинен ажыратылат.