Өлкөдө мамлекеттик дарыканалар ачылат

15 сентября 2023, 09:45

Кыргызстанда мамлекеттик дарыканалар ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналив билдирди.

"Фирмалар менен сүйлөшүп, социалдык дарыканалар ачылган. Мамлекеттик дарыканаларды жакын арада ача баштайбыз", - деди министр.

Белгилеп кетсек, парламент “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” жана “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда талкуулап жатат.