Кыргызстанда мугалимдердин орточо пенсиясы 10 миң сомдун тегерегинде

14 февраля 2022, 12:50

Өлкөдө мугалимдердин орточо пенсиясы 10 миң 239 сомду түзөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.

Анын айтымында, бул орточо сумма жана аз эмес.

Ал кошумчалагандай, учурда пенсиянын базалык бөлүгү 1 миң 780 сомду түзөт.