Кыргызстанда музейлердин иштөө убактысы өзгөртүлдү

19 апреля 2022, 11:50

Туристтердин жана кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн музейлердин иштөө убактысы жылдырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Графике ылайык, Кыргыз Улуттук тарых музейи күнүгө саат 10:00дөн 20:00гө чейин, ал эми Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейи жуманын бейшемби күнү саат 11:00дөн 20:00го чейин, калган күндөрү саат 11дөн 19:00го чейин иш алып барат. Ал эми буга чейин бекитилген графикке ылайык, бардык музейлер үчүн дүйшөмбү күн дем алыш катары сакталат.