Кыргызстанда маанилүү нотариалдык келишимдер манжа изин колдонуу менен ишке ашат

12 декабря 2023, 16:30

Жакын арада Кыргызстанда нотариустук бардык маанилүү бүтүмдөр манжа издери менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, министрлик ушул жылдын аягына чейин жаңы тартип боюнча нотариустардын ишин даярдоону бүтүрүүнү пландоодо. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн нотариустан манжа изи идентификациялоодон өтүп, бүтүмдү видеокамерага түшүрүү керек.

“Эми жарандар тааныш нотариустар менен келишим жүргүзүп, анан бир айдан кийин кол кое албайсыз. Айрыкча кыймылсыз мүлк менен операциялардын аткарылышына байланыштуу фактылар боюнча катуу көзөмөл болот. Кандайдыр бир деңгээлде бул татаалдашуу жана бюрократизация, бирок бул бизге керек. Эми маанилүү нотариалдык бүтүмдөр манжа издери аркылуу ишке ашырылат", - деди министр.