Кыргызстанда Орозо айт 10-апрелде майрамдалат

1 апреля 2024, 13:15

Кыргызстанда Орозо айт шаршемби күнү, 10-апрелде болот. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Кыргызстандыктар келерки жуманын ортосунда эс алышат.

Мусулмандардын майрамы жыл сайын белгиленип, ыйык Рамазан айынын бүтүшүнө жараша ар кандай даталарга туура келет.