Кыргызстанда орточо маяна 33 миң 664 сомду түздү

12 марта 2024, 10:45

Ушул жылдын январына карата Кыргызстанда орточо маяна 33 миң 664 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында 2023-жылга карата өсүү дээрлик 13%ды түздү.

Айлыктын жогорулашы чекене жана дүң соода тармагында, кыймылсыз мүлк менен иштегендерде, авто жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, кен казуу, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында байкалган.