Кыргызстанда ОСАГОну 2024-жылдын 1-июлуна жылдыруу пландалууда

1 декабря 2023, 09:31

Экономика жана коммерция министрлиги автоунаалардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү 2024-жылдын 1-июлуна жылдырууну сунуштады.

Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Негиздөө маалымкатына ылайык, өлкөнүн Салык кодексинин 416-беренесине ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишин жүзөгө ашыруучу субъекттер патенттик системадан атайын жана жалпы салыктык режимдерге өтүшү керек.

Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун негизги максаты жабырлануучулардын жана (же) пайда алуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, кырсыктын натыйжасында жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу болуп саналат.