Кыргызстанда паранжа менен узун сакалга тыюу салуу сунушталды

15 ноября 2023, 09:15

Кыргызстанда паранжа менен узун сакалга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилер документ жарандардын дин тутуу эркиндигин чектебей турганын, конституциялык ченемдерди жана эл аралык стандарттарды сактоо менен иштелип чыкканын белгилешти.

Анда эрежени бузгандыгы үчүн 2 миң сом айып пул салуу же 30 саатка коомдук иштерге тартуу каралган.