Кыргызстанда пенсионердердин жарымы жашоо минимумунан төмөн өлчөмдө пенсия алат

9 марта 2022, 12:32

Кыргызстанда пенсия алуучулардын саны 713 миң жаранды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, пенсия алуучулардын 49%ына жашоо минимумунун өлчөмүнө жетпеген пенсия берилет.

“Учурда пенсиянын эң аз өлчөмүн жашоо минимумуна жеткирүү аракеттери жүрүп жатат”,- деди Алиев.

Ошондой эле ал 2022-жылга пенсияны көбөйтүүгө кошумча 700 млн сом каралганын айтып, азыркы болуп жаткан жагдайларга байланыштуу министрлер кабинети да бюджеттен кошумча каражат бөлүүнү караштырып жатканын белгиледи.

“Жылдагыдай эле 1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйтүлөт. Пенсиянын базалык бөлүгү 4 миң 300 сомду түзөт. Бул пенсионерлердин бардык категориясына тиешелү”,- деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Социалдык фондунун 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу”, “Соцфонддун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү” жана “Социалдык фонддун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024 жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралды.