Кыргызстанда расмий жумушсуздардын саны 6% кыскарды

30 октября 2023, 09:50

Жыл башынан бери Кыргызстанда расмий жумушсуздардын саны 6 пайызга кыскарды.

Өткөн жылдын ушул мезгилине карата маалыматтар менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бөлүштү.

Маалыматка ылайык, жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек жана Чүй облусунда, эң жогоркусу Баткен жана Жалал-Абад облустарында катталды.