Кыргызстанда сасык тумоо чалдыккандар азая баштады

19 марта 2024, 16:55

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандар азайууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 11-марттан 17-мартка чейин өлкөдө алты миңден бир аз ашык учур катталган. Бул мурунку жумага салыштырмалуу дээрлик 57 пайызга аз.

Көбүнчө 14 жашка чейинки балдар ооруп жатат. Дарыгерлер тумоо боюнча эпидемиологиялык абал көзөмөлдө экенин белгилешет.