Кыргызстанда бир нече күн жана шамал станциялары курулат

25 января 2024, 12:40

Кыргызстанда алты шамал жана тогуз күн станциялары курулат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган башчыларынын жана жогорку окуу жайлардын ректорлорунун катышуусунда өтүп жаткан жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул объектилердин курулушунун аркасында электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугу жылына 16,4 млрд кВт саатка чейин өсөт.

Бирок бул жумуштар качан ишке ашары такталган жок.