Кыргызстанда шектүүлөр электрондук билерик менен көзөмөлдөнөт

20 февраля 2024, 09:50

Эми Кыргызстанда шектүүлөр электрондук билерик менен көзөмөлдөнөт. Тиешелүү мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алган.
Кабыл алынган мыйзам кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштырууга багытталган, алдын алуу чарасын кошумча тандоо, заманбап санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн киргизүү жана пайдалануу укугун карайт, атап айтканда:

  • Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине электрондук жана башка техникалык контролдоо каражаттарын (электрондук билерик) пайдалануу аркылуу электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү алдын алуу чарасынын жаңы түрү киргизилүүдө;
  • жазык иштерин кароонун мөөнөттөрүн кыскартуу, тараптардын процесстик чыгымдарын кыскартуу, жакындарынын жана туугандарынын соттук отурумдар өтүүчү жерге баруусуна, аларды жайгаштырууга кеткен чыгымдарына байланыштуу кошумча чыгымдарды жоюу, коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында жана Соттук териштирүүдө тартипти камсыз кылуу жана тараптардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо, процесстерге аралыктан (видеоконференция аркылуу) катышуусу камсыз кылынат.