Кыргызстанда соңку үч жылда 60 өнөр жай ишканасы ачылды

20 декабря 2023, 14:25

Кыргызстанда соңку үч жылда 60 өнөр жай ишканасы ачылды. Экономика министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, объекттерге тартылган инвестиция дээрлик 1 миллиард долларды түздү.

Жаңы ишканалар тигүү, энергетика, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, курулуш материалдары жана фармацевтика сыяктуу тармактарда пайда болду.

Белгиленгендей, алар 77 миңдей жумушчу орун түзүүгө мүмкүндүк берди.