Кыргызстанда сүт өндүрүү көрсөткүчү өсүүдө

28 ноября 2023, 09:15

Кыргызстанда сүт өндүрүү көрсөткүчү өсүүдө. Жыл башынан берки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.

Жалпысынан 9 айда өлкөдө 1 миллион 540 миң тонна сүт өндүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу 37 миң тоннага көп.

Лидерлик Чүй облусуна таандык, өрөөнгө 390 миң тонна сүт туура келет. Эң аз Талас облусунда – болгону 67 миң тонна.