Кыргызстанда өткөн жылы калктын реалдуу акчалай кирешеси өстү

27 февраля 2024, 09:20

Кыргызстанда өткөн жылы калктын реалдуу акчалай кирешеси өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

2023-жылдын январь-сентябрь айларында калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 500 миллиард сомдон ашты. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга көп.

Калктын адам башына эсептелген кирешеси айына 9 миң 425 сомду түзгөнү айтылат.