Кыргызстанда ветеринардык сертификаттар онлайн бериле баштады
Кыргызстанда ветеринардык сертификаттар онлайн бериле баштады. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, система жылдын 1-сентябрынан тарта ишке кирди.
Бүгүнкү күндө биринчи этап менен Ветеринардык кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жаныбарлардан алынган азыктарды жана тирүү жаныбарларды экспорттоого форма 1, 2, 3 ветеринардык сертификаттары берилүүдө.