Кыргызстанда «Жашыл экономика күндөрү» өтөт

30 октября 2023, 10:25

Кыргызстанда 1-ноябрдан 30-ноябрга чейин “Жашыл экономика күндөрү өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, инклюзивдик жашыл экономиканын принциптерин алдыга жылдырууга жеке сектордун, эксперттик коомчулуктун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн жигердүү тартуу үчүн Экономика жана коммерция министрлиги “Кыргызстанда 2023-жашыл экономика күндөрүнө” активдүү катышууга чакырат.

Демилгенин алкагында өлкөдө “Жашыл экономиканы өнүктүрүү” программасында чагылдырылган багыттарда (жашыл энергетика, туруктуу айыл чарбасы, туруктуу туризм, туруктуу транспорт, туруктуу каржылоо, энергияны үнөмдөө ж.б.у.с.) ар кандай иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.