Кыргызстанда жээк бекемдөө иштерине дээрлик 200 млн сом бөлүндү

11 мая 2023, 13:00

Быйыл дарыялардын жээгин бекемдөө, селден коргоо иштерине жалпысынан 198,5 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мекемелерине 100 миллион, аталган министрликтин "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" кызматына 98,5 миллион сом берилди.

Белгилеп кетсек, каражат тармакка жыл сайын эле бөлүнөт. Мындан тышкары, “Капиталдык салымдар” беренесине ылайык, Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө 50 миллион сом бөлүндү.