Кыргызстандагы 137 ишкана ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилген

28 мая 2020, 13:10

Кыргызстандагы 137 ишкана ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилген. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, ал ишканалар өзүнүн продукцияларын ЕАЭБ жана башка өлкөлөргө чыгарууда.

Ал белгилегендей, сүт өндүрүү боюнча 27 ишкана, бал өндүрүү боюнча – 41, балык өстүрүү боюнча – 25, этти кайра иштетүүчү 14 ишкана, улуттук сүт өндүрүүчү 2 ишкана, мал союучу жай – 6, тоок чарба ишканасы – 3, асыл тукум чарбалар – 6, тоют дайындоочу 3 ишкана жана 10 азык-түлүк сактоочу кампа бирдиктүү реестрга киргизилген.