Кыргызстандык 35тен ашуун компания Сауд Аравиядагы жарманкеге катышууда
Сауд Аравия падышачылыгында ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Digital City” аянтында иш-чаранын ачылышы кече, 24-февралда өттү. Ага Кыргызстандын 35тен ашык ата мекендик компания катышууда.
"Ата мекендик продукциянын жарманкеси маданий өзгөчөлүктү жана туристтик компанияларды камтып , Сауд Аравиянын инновациялык калаасынын борборун кыргыз колоритине бөлөп, натыйжада ата мекендик айыл чарба продукциясын экспорттоого жана жаңы кызматтарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат", деп айтылат айыл чарба министрлигинин маалыматында.