Кыргызстандык 78 жаран Түштүк Кореядан бир жолку төлөм алды

2 апреля 2024, 16:40

Түштүк Кореяда иштеп келген кыргызстандыктар бир жолку төлөмдөрүн алышты. Бул тууралуу “Акчабарга” Социалдык фонддон тастыкташты.

Маалыматка ылайык, алар Түштүк Кореяда расмий иштеп, аталган өлкөгө эмгек акыларынан төгүмдөрдү төлөшкөн.

Бүгүнкү күндө Түштүк Кореянын Улуттук пенсиялык кызматы кыргызстандык 78 жаранга бир жолку төлөм (орточо 4 миң 200 доллар) төлөдү. Учурда 12 адамдын арызы каралууда.

Ошондой эле, Социалдык фонд Түркияда кыргызстандык бир адамга пенсия чектелгенин билдирди.