Жекшенкулов: Орусиядагы мигранттарга бөлүнгөн 10 млн сом азырынча коротула элек

30 апреля 2020, 12:05

Кыргыз өкмөтү Орусиядагы кыргызстандык мигранттарга колдоо көрсөтүү максатында бөлгөн 10 миллион сомду бөлүштүрүү маселеси Москвада диаспора өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкууланды. Бул тууралуу 30-апрелде Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлаганын «Азаттык» басылмасы жазып чыкты.

Элчи Аликбек Жекшенкулов каражат азырынча коротула электигин билдирген.

«Буга чейин муктаждарга диаспоралык уюмдардан, элчиликтин кызматкерлеринен жана кайдыгер карабаган мекендеш, демөөрчүлөрдөн түшкөн акчага азык-түлүк таратылып, убактылуу жатакана, хостелдердин акысы төлөнүп берилген», - деп жазылат маалыматта.

Жалпысынан 1 миллион 300 миң рубль акча чогултулуп, бул каражаттар 1-майга чейин жетерин диоспарадан билдиришкен.

Ал эми өкмөт бөлгөн 10 миллион сомдун сарпталышы ачык болушу үчүн курамына диаспора активдери кирген комиссия түзүлдү.

Кыргызстан 21-апрелде Орусиядагы элчиликке 10 миллион сом, ал эми Бириккен Араб Эмирликтериндеги консулдукка 5 миллион сом бөлгөн. Бул акча коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу жашоосунан жана тамак-аштан кыйналган кыргызстандыктарга жардам берүүгө каралган.