Кыргызстандыктар июлда электр энергияга 860,6 миллион киловатт-саат керектешкен

4 августа 2020, 14:31

Ушул жылдын июль айында Кыргызстандын энергетикалык тутумунда электр энергиясын керектөө 860 млн 577 кВт саатты түзгөн. Бул тууралуу «Кыргызстандын Улуттук электр тармактар» ​​ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылы ушул эле мезгилинде керектөө 939 млн 739 миң кВт саатты түзгөн.

Эске салсак, 2020-жылдын июнь айында электр энергиясын керектөө 846 миллион 769 миң кВт саат болгон.